Өз мекендештерин алдап акча алууга шектелган эки пакистандык жаран кармалды

© REUTERS / Mohamed Abd El GhanyАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткандарга келтирилген чыгым болжолдуу маалыматтар боюнча эле 6600 доллардан ашууда.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандарды Кыргызстанга мыйзамсыз киргизди деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Милициянын берген маалыматына ылайык, шектелип жаткандар Абдуллах жана Васим аттуу Пакистандын жарандары болуп чыккан.

"Алар интернет аркылуу чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууга жасалма чакыруу сунушташкан. Мындай алдамчылык жол менен алар Индия жана Пакистандын жарандарынан акча алып турушкан", — деди ИИМ маалымат кызматы.

Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ишкер интернеттен соода жасап 8 миллион рублга алданды
Алдамчылыкитан жабыркагандарга келтирилген чыгым болжолдуу маалыматтар боюнча эле 6600 доллардан ашып жатат.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-1 ("Мыйзамсыз миграция уюштуруу") жана 166-берененин 2-бөлүмүнө ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектелгендер учурда кармалды. Билдирүүгө ылайык, алар убактылуу Бишкекте жашап, эч жерде иштешчү да, окушчу да эмес.

Кармалгандардын бири өзүн Кыргызстанда катталган ишкананын жетекчисимин деп тааныштырып жүргөн. Шектүүлөр соттун чечими менен эки айга камакка алынды, учурда тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0