Ошто 18 жаштагы уулу энесинин өлүмүнө шектелип жатат

© flickr.com / FeansКулак.
Кулак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициядан маркумдун 13 кабыргасы сынып кеткендигин айтышты.

БИШКЕК. 24-апр. — Sputnik. Ошто 18 жаштагы уулу энесинин өлүмүнө шектелип жатат. Бул туурасында Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициядан каза болгон 41 жаштагы аялдын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылынын тургуну болгонун жана аны 13 кабыргасы сынып кеткендигин айтышты.

"Аялдын өлүгү аймактагы Анвар мечитинин имаратынын айланасынан табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аялдын өлүмүнө 18 жаштагы уулу шектелип кармалды", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Милиция учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0