Окуучуларды сүзүп кетти делген айдоочу эки айга камалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСИЗО-4 УФСИН России по городу Москве
СИЗО-4 УФСИН России по городу Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочунун буга чейин да бир адамды сүзүп алганы айтылууда.

БИШКЕК, 22-Апр. — Sputnik. Ленин райондук соту Бишкек шаарындагы №74 мектептин эки окуучусун сүзүп кетти деп шектелип жаткан жаранды эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Эске сала кетсек, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен Mercedes-Benz С-class үлгүсүндөгү унаа №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу эмнеге качып кеткенин айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу эмнеге качып кеткенин айтып берди
Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектелүүчүнү шаардын батыш тарабынан колго түшүрүшкөн. Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаровдун айтымында, ушул эле адам мындан эки жыл мурун адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынын күнөөкөрү болушу дагы мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен мурдараак билдиришкендей, кырсыкка кабылган он жаштагы баланын башы, ички органдары жаракат алып, сол ийни сынган. Ал эми экинчи өспүрүмдүн башы жана ички органдарынан сырткары, эки тизеси, омурткасынын жогору жагы сынып кеткен. Учурда балдардын абалы оор бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0