ТИМ: Хабаровскиде ФСБнын кабылдамасына кол салуу учурунда КР жараны жаракат алган

© Sputnik / Александр Неделько / Медиабанкка өтүүВооружённое нападение на приёмную ФСБ произошло в Хабаровске
Вооружённое нападение на приёмную ФСБ произошло в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган Талант Жумаев учурда оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россиянын Хабаровск шаарындагы Федералдык коопсуздук кызматынын имаратына чабуул жасалган учурда кыргызстандык жаран оор жаракат алды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, жума күнүн Россиянын Хабаровск аймагындагы ФСБнын имаратына бейтааныш адам кирип келип, ок чыгарган. Анын кесепетинен ФСБнын бир кызматкери менен мекемеге келген эки жарандын бири көз жууп, экинчиси жаракат алган. Кол салган адам ошол жерден жок кылынган. 

"Жаракат алган адам кыргызстандын 37 жаштагы Талант Жумаев аттуу жараны болуп чыкты. Ал окуя болгон жерге котормочу болуп барган. КРдин Хабаровск шаарындагы Ардактуу консулу мекендешибиз жаткан ооруканага барып, абалы менен таанышып келди", — деп жазылат маалыматта.

Жумаев учуруда ооруканын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Дарыгерлердин айтымында,  абалы оор бойдон калууда.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0