01:58 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кишен. Архивдик сүрөт

Сирияда туткундарды өлүм жазасына тартууга катышты делген киши Бишкектен кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
55012

УКМКнын билдиришинче, кармалган жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, туткунга алынгандарды тобу менен өлүм жазасына тартуу аракетине катышкан.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Сирияда террорчулардын катарында жүрүп, туткундарды өлүм жазасына тартууга катышты делген киши Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү жаранды кармоо аракеттери 20-апрелде ишке ашкан. Ош облусунун 23 жаштагы тургуну эл аралык террордук уюмдун мүчөсү экени да айтылууда. 

22-летний уроженец Ошской области, подозреваемый в причастности к террористической деятельности
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Шектүү жаран

"Кармалган жаран 2013-жылы Сирияга барып, эл аралык террордук топтун катарына кошулуп, ал жактан туткунга алынгандарды тобу менен өлүм жазасына тартуу аракеттерине катышканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

УКМК андан сырткары КМШ мамлекеттеринин аймагында Жеңиш майрамы учурунда теракты жасоого  террорчулар тарабынан жиберилгендигин кошумчалады.

Кармалган жаран учурда камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайын киргизилип, кылмыш иши козголду.

Тема боюнча

Мосулда "Ислам мамлекети" тобунун башчыларынын бири жок кылынды
КРде туулган жаран Сириядагы согушка барууга камынып жүргөн делип Россиядан кармалды
Кыргызстанда терактылар күтүлбөйбү? Эксперттер: кооптуулук колтук тушунда…
Белгилер:
терроризм, УКМК, Сирия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ