Темир жолдун жанынан аял киши айдап бара жаткан унаа оодарылып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке перевернулся "бусик", есть пострадавшие
В Бишкеке перевернулся бусик, есть пострадавшие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык борбор калаанын Лев Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Темир жолдун жанынан автоунаа оодарылып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон киши билдирди. 

Анын айтымында, жол кырсыгы Лев Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Мен темир жолго жакындап калгам, бир маалда алдым уюлгуган чаң болуп кетти да Toyota Ist унаасынын оодарылып бара жатканын көрдүм. Көрсө, машина арыкка кулап кетиптир. Рулдагы кыз туура эмес буруп жиберип, унаа капталына кулап, андан ары оодарылып кеткен экен", — деди күбө.

Машинанын ичиндеги 20-23 жаштардагы кыз менен жигит сыртка багажник аркылуу чыгышкан. Күбөнүн айтымында, кырсык болгон учурда коопсуздук жаздыкчалары иштеп кетип, ичиндегилер анча катуу жабыркаган эмес.

Кайгуул милициясы учурда аталган маалыматты тактап жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0