Чүйдө коктуга тоголонуп кеткен унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке водители автомобилей "переобувают" своих железных коней
В Бишкеке водители автомобилей переобувают своих железных коней - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Mazda Cronos" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу машиынасы башкара албай калган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Чүйдө коктуга тоголонуп кеткен унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-апрель күнү Токмок — Шамшы унаа жолунда болгон.

"Mazda Cronos" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, коктуга тоголонуп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде мерт болушкан", — деп жазылат маалыматта.

Куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0