Чаткалда тоодон келе жаткан киши сууга агып кетти

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүОсень в Горном Алтае
Осень в Горном Алтае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун агымы шар болгондуктан жанындагы 12 киши жардам берүүгө үлгүрбөй калган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Чаткал районунда 20-апрелде саат 12:13 чамасында Беш-Арал коругунун кызматкери Исфана суусунан атчан өтөм деп сууга агып кеткен. Анын жанында дагы 12 адам болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Коктудан түшкөн суунун агымы шар болгондуктан бирге бара жаткан адамдар куткара албай калышкан. Беш-Арал коругунун кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан 30дай адам кеч киргенге чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок табылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде байланыш болбогондуктан караңгы киргенде издөө иштерин токтотушкан.

Бүгүн дагы издөө иштери жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0