Чүй облусунда эртең менен жер титиреди

Жазылуу
ӨКМ жер титирөөдөн жабыр тарткандар катталбаганын кабарлады.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бүгүн эртең мененки саат 6.42де Чүй облусунун аймагында эпицентринде күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.

Кемин жана Токмок шаарларында жердин силкинүү күчү 3 балл болсо, ал эми Пригородное, Кегети жана Арпа-Тектир айылдарынын жашоочуларына 3-4 балл күчүндө сезилген.

Ивановка, Кант жана Бишкекте 2-3 баллга жеткен.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыр тарткандар болбогонун кабарлады.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0