Чүйдө окуучулар бычакташып, үчөө ооруканага түшкөн

Жазылуу
Окуучулардын мушташына күбө болгон жаран милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кайыңдыда бычакташкан окуучулардын үчөө ооруканага түшкөнүн Чүй ОИИББдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кайыңдыдагы №1 мектеп лицейдин окуучулары менен Панфилов районундагы спорт мектептин окуучулары 14-апрелде сабактан кийин түшкү саат экилерде мушташышкан. Андан үч окуучу бычакталып, ооруканага жеткирилген.

"Тогузунчу жана 11-класстын окуучулары мушташкан. Окуя тууралуу милицияга күбө чалып кабарлаган", — деп милициядан билдиришти.

Ооруканага түшкөн окуучулардын абалы жакшы, бирөө чыгарылып, экөө дарыланууда. Аталган факты боюнча "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0