Бишкекте үйүн өрттөп ийген 77 жаштагы кемпир өзү да жабыркап ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Бишкек шаарында Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы үйдөн чыккан өрттөн 77 жаштагы кемпир жабыр тартканын ӨКМ билдирди.

Кырсык Бишкек шаарында Токтогул менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө саат 6.30дар чамасында болгон.

"Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткан кемпир нерв оорусу менен жабыркайт. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, кемпир үйдөн бир нерсени өрттөөгө аракет кылганда жалын үйгө жайылып кеткен. Анын кесепетинен үйдөгү сыналгы, диван, линолеум күйгөн. Кемпир иске ууланып калган", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган жаран Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0