Кантта банкоматты талкалаган чет өлкөлүккө жазаны күчөтүү талап кылынууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБанкоматтын жанында турган адам. Архив
Банкоматтын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөлүк жаран кылган кылмышы үчүн алты жылга эркинен ажыратылган. Бирок облустук сот жаза мөөнөтүн үч жылга кыскартып койгон. Прокуратура даттануусун Жогорку сотко жөнөттү.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чүй облустук прокуратурасы Жогорку сотко Молдованын соттолгон жараны боюнча көзөмөл сунуштамасын жибергендиги тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда ал Кант шаарындагы банкоматты талкалаган. Молдованын жараны былтыркы жылдын 30-сентябрында Валера аттуу адам менен алдын ала сүйлөшүп, Бишкекке келген. Буларга "Хакер" деген каймана аты бар жаран дагы жардам берген.

VISA с 1 октября перестает гарантировать внутрироссийские операции - Sputnik Кыргызстан
Банктык Visa картасынан акча уурдаткандар. Жоопкерчилик албаган банк
1-октябрь күнү Кант шаарына барып, соода борборлорунун бириндеги банкоматты талкалашкан. Анын ичинен 460 миң сом жоголгон. Чет өлкөлүк ошол эле жерден Ысык-Ата районунун милициясы тарабынан кармалган.

13-январь күнү Ысык-Ата райондук соту аны күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Бирок Чүй облустук соту чет өлкөлүк жарандын ишин Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренесине (Турак-жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен уурулукка баруу) которуп, жаза мөөнөтүн үч жылга кыскарткан.

Эми прокуратура өкүмдү даттануу үчүн Жогорку сотко көзөмөл сунуштамасын жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0