Балыкчыда ууланып ооруканада жаткан окуучулардын бешөө реанимациядан чыкты

Жазылуу
Учурда бейтаптарга керектүү бардык дары-дармек жетиштүү экенин министрликтен билдиришти.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 17-апрелде Балыкчы шаарындагы №3 мектептин белгисиз газга ууланып ооруканага жаткан 12 окуучунун бешөө кайра жандандыруу бөлүмүнөн хирургия бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 17-апрелде саат 10:15те Балыкчы шаарындагы Абдылдаев атындагы №3 мектептен 12 окуучу газга ууланды делип, ооруканага түшкөн. Беш окуучу шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө, бешөө травматология бөлүмүнө, дагы экөө терапия бөлүмүнө жаткырылган.

"18-апрелде реанимацияда жаткан беш окуучу хирургия бөлүмүнө которулуп, дарылануусун улантып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен учурда бейтаптарга керектүү бардык дары-дармек жетиштүү экенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0