Президенттик аппараттын экс-жетекчисине козголгон кылмыш иши жоголду

Жазылуу
К.Т. аттуу жаран президенттик администрацияны жетектеп турган учурда 2004-жылы мартта Бишкек мэриясына жалпы колдонуудагы аймактан 0,6 гектар жерди анын тууганына бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы КР президентинин администрациясын 2004-жылы башкарган К.Т. аттуу жаранга козголгон кылмыш иштин жоголушу боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренелери боюнча иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, К.Т. президенттик администрацияны жетектеп турган учурда 2004-жылы мартта Бишкек мэриясына жалпы колдонуудагы аймактан 0,6 гектар жерди анын тууганына бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген. Аталган жер тилкеси Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, кийин ал жерге алты кабаттуу имарат салынган.

Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба...
Аталган факты боюнча 2007-жылы 15-мартта Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Президенттик администрациянын мурдагы жетекчисине сыртынан айып коюлуп, издөөгө алынган. Бирок айыпталуучунун кайда экени аныкталбагандыктан иш убактылуу токтотулган.

2017-жылдын мартында жерди бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасы райондук ички иштер башкармалыгынан кылмыш иштин материалдарын сураган. Бирок аталган иш архивден табылбай, райондук прокуратура иш козгоду. Аны иликтөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2004-жылы КР президентинин администрациясын Тойчубек Касымов жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0