Бишкекте 9-класстын окуучусун машина коюп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос Минобрнауки: удалось ли урегулировать вопрос школьной формы по КР?
Вопрос Минобрнауки: удалось ли урегулировать вопрос школьной формы по КР? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча айдоочу окуучу кызды жөө киши баса турчу жерден өткөрбөй койгон.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынан 9-класстын окуучусун машина коюп кеткенин милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Toyota Ipsum үлгүсүндөгү автоунаа Абдрахманов көчөсү менен түштүктү көздөй баратып, Ахунбаев көчөсүнө жетпей окуучу кызды сүзүп кеткен.

"Айдоочу окуучу кызды жөө киши баса турчу жерден өткөрбөй койгон. Кыздын мээси чайкалып, ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

24 жаштагы айдоочу айдап бараткан машина айып короого киргизилди.

Калаадагы жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдү, борбордо кайсы жол кырсыгынын түрү көп болуп жатканын жана алар кайсы маалга туш келерин Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0