Базар-Коргон: кызды алып кетүүгө келген кудалар ууланып, ооруканага түштү

CC BY 2.0 / Igor Shatokhin / HolidayПразднование нового года
Празднование нового года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандардын экөөнүн абалы оор, калгандарыныкы орто деп бааланууда.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Могол айылынан 22 тургуну ууланганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маринаддалган бадыраң. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маринаддалган бадыраңдан төрт киши ууланып, бирөө реанимацияга түштү
Алдын ала маалымат боюнча бейтаптар 15-апрелде кыз узатуу салтанатынан кийин дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушкан.

17-апрелде жабыр тарткан сегиз киши Базар-Коргон райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылып, жаткырылган. Учурда аларга тийиштүү медициналык жардам берилүүдө.

Министрликтен тамак-аштын калдыктарын изилдөөгө мүмкүн болбогонун кошумчалашты.

Ал эми 18-апрелде дагы 14 киши уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылган. Жабыркагандардын экөөнүн абалы оор, калгандарыныкы орто деп бааланууда.

Консерваланган азыктан ууланганда эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0