Жөө кишини коюп кеткен жол тандабас из жашырып кетти

Жазылуу
Окуя Гагарин менен Бах көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте жөө кишини коюп кеткен жол тандабастын айдоочусу из жашырып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Гагарин менен Бах көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Lexus RX-300 үлгүсүндөгү унаа эркек кишини коюп кеткенден кийин токтолбостон сапарын улантып кеткен.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды. Унаа азырынча кармала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0