Сузакта жер көчүп, тургундар көчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер көчкүнүн көлөмү 192 миң куб метр экени айтылууда.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Курманбек айыл аймагында жер көчтү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү саат 12:30дар чамасында Таран-Базар айылында көлөмү 192 миң метр куб болгон жер көчкү түшүп, ал 12 турак үйгө 300 метр жетпей токтоп калган.

Көчкү түшкөн жерге ӨКМдин райондук бөлүм башчысы жана айыл өкмөт жетекчиси тактоо иштерин жүргүзүп, натыйжада 12 турак жайдын жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлдү.

Кыргызстанда табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлердин картасын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0