Балыкчыда окуучулар газга ууланып, бешөө реанимацияга түштү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар тарабынан эки мугалимге жана эки окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, 10 окуучу Тез жардам кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Балыкчы шаарында окуучулар газга ууланып, 10 бала ооруканага түшкөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 17-апрель күнү саат 10:35тер чамасында №3 Абдылдаев атындагы орто мектепте болгон.

"Натыйжада беш окуучу шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө, бешөө травматология бөлүмүнө жаткырылган. Окуя каталган жерге үч куткаруучу жана беш милиция кызматкери, шаардык оорукананан төрт дарыгери тарылган", — деп жазылат маалыматта.

Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан эки мугалимге жана эки окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, 10 окуучу Тез жардам кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген.

Ал эми Балыкчы шаардык мэриясынын маалымат кызматы окуучулар газ баллонго ууланышы мүмкүндүгүн айтты. 

"Божомолдор боюнча белгисиз бирөө газ баллонду чачып туруп качып кеткен. Балдардын абалы оор деген маалымат туура эмес. Ооруканада орун аз болгондуктан ар кыл бөлүмдөргө жаткырылды", — деп жазылат маалыматта.

Учурда окуучулар кандай газ менен уулангандыгы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0