БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Сокулук районунун Туз айылында 29 жаштагы тургун 33 жаштагы айылдашын бычактап салган. Ал милицияга өзү келгенин Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-апрелде болгон. Милициянын билдиришинче алар чырдаша кетип, аягы кайгылуу окуя менен аяктаган.
"Аталган факты боюнча Сокулук РИИБи Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тийиштүү сот-медициналык экспертизалар дайындалган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.