Россияда жол кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын бири көз жумду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы адам. Архив
Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми жаракат алган эки мекендештин абалы туруктуу.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын Ленинград облусунун Тосно районунун аймагында катталган жол кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын бири көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, жума күнү аталган аймакта фура менен микроавтобус кагышып, жабыркаган 15 кишинин арасында төрт кыргызстандык жаран бар болчу.

"Жол кырсыгынан оор жаракат алып Кыргызстандын 50 жаштагы жараны оорукананын реанимация бөлүмүндө каза болду. Ал эми жаракат алган эки кыргызстандыктын абалы туруктуу", — деп жазылат маалыматта.

Жалпы 18 адам жабыр тарткан. Алардын төртөө кыргызстандык болуп чыгып, үчөө ооруканага, бирөө үйүнө кое берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0