Бишкекте айдоочу өзү сүзүп алган тууганы набыт болду

© Фото / Nate Steiner / wheel gripУВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе
УВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя дүйшөмбүнүн таңында саат 4:30да болгон.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Борбор калаада унаа бир адамды сүзүп кеткенин Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя дүйшөмбүнүн таңында саат 4:30да Достук жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу бир кишини сүзүп алган. Ал ооруканага бара жаткан жолдо жан берген. Набыт болгон адам айдоочунун тууганы экен", — деп жазылат маалыматта.

Экспертиза айдоочунун мас абалда экенин аныктап, учурда тергөө амалдары башталды.

Калаадагы жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдү, борбордо кайсы жол кырсыгынын түрү көп болуп жатканын жана алар кайсы маалга туш келерин Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0