Күбө: өспүрүмдөр "Панорамага" келгендердин унааларын таш менен ургулашты

© Sputnik / Табылды КадырбековВид на город Бишкек с горы Бозболток
Вид на город Бишкек с горы Бозболток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамеки сурап келген өспүрүмдөр жарандардын унааларын таш менен урган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ишемби күнү кечинде Бишкектин жанындагы Боз-Бөлтөк тоосундагы флагштокко барган жаштарга 20 адамдан турган топ кол салгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Алардын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр болгон.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуУнаада калган таштын изи
Унаада калган таштын изи - Sputnik Кыргызстан
1/2
Унаада калган таштын изи
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуУнаада калган таштын изи
Унаада калган таштын изи - Sputnik Кыргызстан
2/2
Унаада калган таштын изи
1/2
Унаада калган таштын изи
2/2
Унаада калган таштын изи

"Биз кыздар-балдар болуп 12 адам, төрт унаа менен барганбыз. Саат 22.00 болчу. Бейтааныш балдар келип тамеки сурашты. Бизде тамеки жок экенин айтып, кетели деп унааларга отурдук. Бир маалда алардын бири айдоочу жагынан унаага колун салып, бизди токтотконго аракет кылды. Ошондо унааларды тегеректеп калган балдар таш менен соккулап кирди", — деди күбөлөрдүн бири.

Анын айтымында, унааларды 20 адам кууган.

Спецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан
Согуштун ардагерине кол салып, тоноп кеткен аялдарга соттун өкүмү чыкты
"Биз тоодон түшүп баратканда, өспүрүмдөр улам бир бадалдын түбүнөн чыгып жатышты. Карасаң, 12ден 18 жашка чейинки балдар. Дагы жакшы ыргыткан таштары терезеге тийген жок", — деди күбө.

Маалыматка караганда, окуя милициянын посту турган жерден төмөнүрөөк жакта болгон. Ошондуктан, тартип сакчылары башаламандыкты көрбөй калган.

Мындай кол салууга дуушар болгон жаштар, милицияга бүгүн кайрыларын билдиришти.

Флагшток Чүй облусунун Орто-Сай айылында жайгашкан. Эл арасында аны "Панорама" деп аташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0