Тюменде ымыркай баласын сабап өлтүрдү делген кыргызстандык камакка алынды

Жазылуу
Башында баланын атасы аны сабаганын мойнуна алган эмес, бирок бир катар иликтөө иштеринин жыйынтыгында анын баласына кол көтөргөнү аныкталган деп айтылат билдирүүдө.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россиянын Тюмень облусу боюнча тергөө комитети Кыргызстандын 25 жаштагы тургунуна карата кылмыш ишин козгоо боюнча тергөө иштерин аяктады. Бул тууралуу аталган комитеттин облустук башкармалыгынын сайтында жарыялады.

Айыпталуучуга өз баласын сабап өлтүрдү деген кине коюлууда.

"Маалыматка ылайык, 2017-жылы февраль айында Тюмень шаарында жашаган жаран эки жаштагы баласы ыйлаганына жини келип аны башка-көзгө ургулаган. Баланын абалы начарлаганда Тез жардам кызматын чакырышкан, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан наристе башынан алган жаракатынан улам каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Алгач баланын атасы уулун сабаганын мойнуна алган эмес, бирок бир катар иликтөө иштеринин жыйынтыгында анын баласына кол көтөргөнү аныкталган деп айтылат билдирүүдө. Учурда айыпталып жаткан жаран камакка алынган.

Тергөөчүлөр кыргызстандыктын күнөөлүү экенин тастыктаган далилдерди чогултуп, ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча документтер сотко жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0