Ошто өзүн атып алган аскер ооруканага жетпей каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКурал кармаган аскер кызматкери. Архив
Курал кармаган аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кызматтык тергөө башталып, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына маалымат берилди.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. КР Куралдуу күчтөрүнүн №92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер өзүн атып алган. Бул тууралуу Башкы штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, окуя 12-апрелде саат 16:00дөр чамасында болгон.

"Жоокер куралга этиятсыз мамиле кылып, өзүн атып алган. Ага дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Алай районунун аймактык ооруканасына жиберилген. Бирок жолдо баратып үзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кызматтык тергөө башталып, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына маалымат берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0