Казакстанда студенттер мушташып, бирөө каза болду

Жазылуу
Алматы шаарында Агрардык университеттин студенттери тобу менен мушташты.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Казак улуттук агрардык университетинин студенттери жатаканада тобу менен мушташып, бир студент каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Алматынын шаардык прокуратурасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи жана экинчи курстун он студентти түнкү саат бирлер чамасында жатаканада чатакташа кетип, ал мушташ менен коштолгон. Анын кесепетинен 1-курстун 18 жаштагы студенти каза болгон. Анын денесинен учтуу нерсе менен сайган же башка жаракаттар аныкталган эмес. Учурда студенттин өлүмүнүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0