Поезддин алдында калган аял кандайча кырсыкка кабылганын ИИМ айтып берди

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүСтолкновение поездов
Столкновение поездов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары аялды уруп кеткен поезддин машинистинен толук маалымат алышты.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Поезддин алдында калган аял машинисттин берген эскертүүчү үндөрүн уккан эмес. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Пишпек аймагында саат 13:00дөр чамасында поезд 55-60 жаштардагы аялды коюп кеткен, ал ооруканага жетпей көз жумган.

"Машинист рельске түшүп алып кетип бараткан аялга эскертүүчү үндөрдү бергени менен ал уккан эмес. Поездди токтотууга аракет кылганы менен андан майнап чыккан эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда укук коргоо органдары каза болгон аялдын ким экенин аныктап жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0