Чаткал: кар көчкү басып калган ит 44 күндөн кийин тирүү табылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСильный снегопад в Москве
Сильный снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 2017-жылдын 18-февралында болгон. Бектургановдун мал сарайы менен ашканасын кар көчкү басып калып кырсыктын кесепетинен жети кой өлгөн.

ОШ, 12-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү басып калган ит 44 күндөн кийин тирүү табылды Бул тууралуу аймактык кабарчыга иттин ээси Конушбай Бектурганов билдирди.

Ал Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жашайт. Окуя 2017-жылдын 18-февралында болгон. Бектургановдун мал сарайы менен ашканасын кар көчкү басып калып кырсыктын кесепетинен жети кой өлгөн.

© Фото / Зульфия тургуноваЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү басып калган ит 44 күндөн кийин тирүү табылды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү басып калган ит 44 күндөн кийин тирүү табылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү басып калган ит 44 күндөн кийин тирүү табылды
© Фото / Зульфия тургуноваАл Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жашайт. Окуя 2017-жылдын 18-февралында болгон. Бектургановдун мал сарайы менен ашканасын кар көчкү басып калып кырсыктын кесепетинен жети кой өлгөн.
Ал Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жашайт. Окуя 2017-жылдын 18-февралында болгон. Бектургановдун мал сарайы менен ашканасын кар көчкү басып калып кырсыктын кесепетинен жети кой өлгөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ал Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жашайт. Окуя 2017-жылдын 18-февралында болгон. Бектургановдун мал сарайы менен ашканасын кар көчкү басып калып кырсыктын кесепетинен жети кой өлгөн.
1/2
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү басып калган ит 44 күндөн кийин тирүү табылды
2/2
Ал Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жашайт. Окуя 2017-жылдын 18-февралында болгон. Бектургановдун мал сарайы менен ашканасын кар көчкү басып калып кырсыктын кесепетинен жети кой өлгөн.

"Итим да жоголуп кетти. Мен аны кар көчкү алдында калып өлүп калса керек деп ойлогом. 4-апрелде сыртта жүрсөм капысынан иттин кыңшылаган үнүн угуп калдым. Үн чыккан тарапты көздөй басып баратып, бутум бир чуңкурга түшүп кетти. Бутумду чыгарып алып, оюлуп калган жерди карасам итим жатат. Кардын алдынан сууруп чыктым. Арыктап, улактай болуп калыптыр", — деди ал.

Бектурганов ит кар алдына көпкө жатып калгандыктан каптал жүндөрү түшүп, эти көрүнүп калганын кошумчалады. Ээси тамак-аштан үзбөй жакшылап бакканын, ит учурда тыңый  баштагандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0