Миграция кызматынын өкүлү 2000 доллар пара алып жатып кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектүү чет элдик жарандын виза алуусуна жардам берерин убадалаган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматында иштеген жаран эки миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Ош базарынын жанынан кармалган милиционерди колго түшүрүү учуру - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарынын жанынан кармалган милиционерди колго түшүрүү учуру
Маалыматка ылайык, Финансы полициясына арыз түшүп, анда Миграция кызматынын өкүлү чет элдик жаранга виза алуу үчүн тийиштүү документтер топтому менен камсыздоодо берген жардамы үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара сурап жатканы айтылган.

Айыпталуучу акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0