УКМК: Караколдогу мектептен бомба салынды делген баштык табылды

Жазылуу
Учурда техникалык экспертиза дайындалып, окуяга тийиштиги барларды издөө боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиянын аймагынан колго жасалган жарылуучу зат табылганы тууралуу билдирүү саат 10:00дөр чамасында "102" телефону аркылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Окуя болгон жерге УКМК менен ИИМдин өкүлдөрү дароо чыгып кеткен.

"Окуу жайдын аймагы курчоого алынып, сапёрлор тинтүү учурунда кара баштык табышкан. Шектүү зат анын ичинде болгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда техникалык экспертиза дайындалып, окуяга тийиштиги барларды издөө боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0