Унаа айдап бараткан кыз түркүктү сүзүп, эки кишини жабыркатты. Кырсыктан ирмемдер

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкекте автоунаа айдап келе жаткан кыз түркүктү сүзүп алган
Бишкекте автоунаа айдап келе жаткан кыз түркүктү сүзүп алган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы түндө Аалы Токомбаев атындагы көчөдө болгон.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте автоунаа айдап келе жаткан кыз түркүктү сүзүп алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине кырсыкка күбө болгон жаран билдирди.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкекте автоунаа айдап келе жаткан кыз түркүктү сүзүп алган
Бишкекте автоунаа айдап келе жаткан кыз түркүктү сүзүп алган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекте автоунаа айдап келе жаткан кыз түркүктү сүзүп алган
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуОкуя түнкү саат 3төр чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) болгон
Окуя түнкү саат 3төр чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) болгон - Sputnik Кыргызстан
2/3
Окуя түнкү саат 3төр чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) болгон
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКайгуул милициясы кырсык болгонун тастыктады. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы айтылууда.
Кайгуул милициясы кырсык болгонун тастыктады. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы айтылууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кайгуул милициясы кырсык болгонун тастыктады. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы айтылууда.
1/3
Бишкекте автоунаа айдап келе жаткан кыз түркүктү сүзүп алган
2/3
Окуя түнкү саат 3төр чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) болгон
3/3
Кайгуул милициясы кырсык болгонун тастыктады. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы айтылууда.

Анын айтымында, окуя түнкү саат 3төр чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) болгон.

"Машинанын бир кыз айдап баратыптыр, рулду башкара албай түркүктү сүздү. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келди. Кыздын кабыргалары сынганы айтылып жатат, анын жанындагы жүргүнчү да жабыркаптыр", — деди күбө.

Кайгуул милициясы кырсык болгонун тастыктады. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы айтылууда.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0