Орто-Сай айылындагы өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЛокализован пожар в московском НИИ
Локализован пожар в московском НИИ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кетти.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Орто-Сай айылындагы Балык-Кумар көчөсүндө турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу 101 кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, күйгөн аянт 180 чарчы метрди түзүп, өрт толугу менен 22.55те өчүрүлгөн. 

"Өрттөн жабыр тарткандар болгон жок. Анткени үй салынып бүтө элек болгондуктан эч ким жашачу эмес экен", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске салсак, бүгүн Орто-Сай айылындагы Балык-Кумар көчөсүндө турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу окуяга күбө болгон жаран билдирген. Ал эми ӨКМ маалымат кызматы маалыматты тастыктап, өрт өчүрүү кызматына аталган даректен 18:45тер чамасында чакыруу түшкөнүн маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0