Аксыда жар кулап бир үйдүн дубалын алып кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин Аксы боюнча жетекчиси жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагына караштуу Жолборсту айылында жар кулап, жанында жайгашкан бир турак үйдүн арткы дубалын алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык маалында үйдө эч ким болгон эмес.

"Үйдүн тургундары буга чейин туугандарыныкына көчүрүлгөн. Массанын көлөмү болжол менен 100 куб метрди түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Аксы боюнча жетекчиси жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткени айтылып, кошумча маалымат берилери белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0