Гүлчө — Кабылан-Көл жолунун бөлүгү 10 метрге чейин чөгүп кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРПровал земли в 11 километре автодороги Гулчо —Кабылан-Кол
Провал земли в 11 километре автодороги Гулчо —Кабылан-Кол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чөккөн массанын узундугу 30 метр, туурасы 20 метр, ал эми көлөмү 5000 метр кубду түзөт.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө — Кабылан-Көл жолунун 11-чакырымында жер болжол менен 9-10 метрге чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, чөккөн массанын узундугу 30 метр, туурасы 20 метр, ал эми көлөмү 5000 метр кубду түзөт.

"Жолдун жогору жагында арык бар, ал тазаланбай, суу ашып кеткен. Чөгүп кетишине ушул жагдай да себеп болушу божомолдонууда", — деп айтышты ӨКМден.

Жабыркагандар катталган эмес, Унаа жолду калыбына келтирүү үчүн техника тартуу жагы каралып жатканы кошумчаланды.

Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлерди Sputnik Кыргызстан даярдаган картадан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0