Бишкекте жолго чуркап чыккан адамды айдоочу өлтүрө сүзүп кетти

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Кулап калган жол белги. Архив
Кулап калган жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Дэн Сяопин менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде түнкү 03:00дө катталган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Борбор калаада жолго чуркап чыккан жөө адамды айдоочу өлтүрө сүзүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя дүйшөмбү күнгө караган түнү Дэн Сяопин менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 03:00дө катталган.

"BMW үлгүсүндөгү унаа Дэн Сяопин көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй бара жаткан. Садыгалиев көчөсүнө жакындап калганда жолдун ортосуна 35 жаштагы эркек адам чуркап чыга калган. Айдоочу унааны токтото албай, адамды сүзүп кеткен. Ал ошол жерден көз жумган. Айдоочу да 35 жашта болгон", — деп Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Унаанын айдоочусу окуя болгон жерге милиция кызматкерлерин өзү чакырган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Унаа айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0