УКМК соттолгондор үчүн даярдалып жашырылган 1,5 кг. героинди тапты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция тергөө иштерин баштады.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Чүй облусунун Петровка айылынан катылган героин табышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Досмотр передачи, предназначенной для осужденного колонии №47 - Sputnik Кыргызстан
Абакка шампундун бөтөлкөсүнө телефонду батырып киргендер айраң-таң кылды
Билдирүүгө караганда, атайын жашырылган жерден 1,5 килограмм героин табылган. Бул баңгизаттар Петровкадагы №3 түзөтүү колониясындагы баңгизатка байланган соттолгондорго таратуу максатында даярдалганы маалыматта айтылат.

Милиция тергөө иштерин баштады. Ал эми УКМК учурда ИИМ менен биргеликте аталган фактыга тиешеси бар адамдарды издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0