Ошто эл ташыган кичи автобус кырсыктап, 5 адам жабыркады

Жазылуу
Жол кырсыгы Ош — Ноокат жолунун Кызгалдак участкасында болгон.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош — Ноокат жолунда эки унаа кагышып, беш адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Столкновение Honda Fit и бензовоза на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Сузакта өрттөнүп кеткен унаада бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Кырсыктын чоо-жайы
Ага ылайык, бүгүн болжол менен саат 7:30дар чамасында Ош — Ноокат жолунун Кызгалдак участкасында оор жүк ташуучу Ford үлгүсүндөгү автоунаа менен Hyundai Starex машинасы кагышкан. Экинчи автоунаа жүргүнчүлөрдү Ноокаттан Кара-Суу базарына ташып бараткан.

Натыйжада беш адам ар түрдүү жаракат алып, ооруканага түштү. Төрт жаран медициналык жардам алышып үйлөрүнө кетишкен. Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0