Маринаддалган бадыраңдан төрт киши ууланып, бирөө реанимацияга түштү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМаринаддалган бадыраң. Архив
Маринаддалган бадыраң. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулангандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Конокко барган төрт киши маринаддалган бадыраңдан ууланганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бишкектеги тез татым жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен сатып алынып, лабораторияга берилген бургер. Sputnik иликтөөсү
Уулангандар 29-30-мартта республикалык инфекциялык клиникасына келип түшкөн. Алгач эки кишини Тез жардам кызматы алып келсе, кийин дагы экөө кайрылган.

Дарыгерлердин айтымында, 28-мартта алар конокко барып, үй шартында маринаддалган бадыраң жана оливье салатын жешкен.

Бейтаптардын бири оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Уулангандардын катарында 22 жаштагы кош бойлуу (8-9 жума) келин, 76, 30 жана 21 жаштагы эркек кишилер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0