Кадамжайдагы аскер кызматкерлери кабылган жол кырсыгынын себеби такталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРазбитые дороги в Великом Новгороде
Разбитые дороги в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерде орнотулган жол белгилери канааттандырарлык абалда экени айтылууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кадамжайдын Пүлгөн айылындагы аскер кызматкерлери кабылган жол кырсыгына катуу ылдамдык жана унаанын тормозу кармабай калышы себеп болгон. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 27-март күнү Ош — Баткен жолунун 123-чакырымында жоокерлер бара жаткан КамАЗ бир үйдү сүзүп, жарым-жартылай кирип кеткен. 28 жоокер жабыркап, анын бешөө реанимацияга жаткырылган.

"Окуя болгон жерде тиешелүү жол белгилери орнотулган, канааттандырарлык абалда. Ош — Баткен — Исфана жолунун 108-126-чакырымдарында болгон жол кырсыгына айдоочунун катуу ылдамдыкта келиши жана унаанын тормоздук системасынын иштебей калышы себеп болгон", — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ош — Баткен — Исфана жолунун 122-чакырымындагы жолдун эки тарабына блокпост коюлуп, ал жерге Кайгуул милиция кызматкерлери жол кыймылын көзөмөлдөп турары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0