Бишкекте чакырууга бараткан милиция унаасы кырсыкка кабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул кызматынын автоунаасы. Архив
Кайгуул кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки машина бетме-бет сүзүшүп, кырсыктан алты киши жабыркады.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Түндө Бишкектин чок ортосунда милиция унаасы менен жеңил машина кагышкан жол кырсыгы катталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, кырсык Тоголок Молдо көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде саат 3.30да болгон. ШИИБдин маалымат кызматы аталган кабарды тастыктады.

"Милициянын үчүнчү бөлүмүнүн кызматкерлери ВАЗ-2107 унаасы менен чакырууга бара жатышкан. Кесилиштен Subaru Forester машинасы менен кагышкан. Анын ичинде эки адам бар экен. Баары тең жабыркап, №4 ооруканага жеткирилди", — дешти маалымат кызматтан.

Учурда бул факты боюнча тергөө башталып, кырсыктын себептери иликтенүүдө. Экспертиза эки айдоочу тең соо экенин көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0