19 күн мурда Боомдо жоголгон беш жашар кыздын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиБоом капчыгайында жоголгон беш жаш Лидия Кашкарова. Архив
Боом капчыгайында жоголгон беш жаш Лидия Кашкарова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция менен куткаруучулар кичинекей кызды үч жумадан бери издеп жаткан.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Боом капчыгайында жоголгон беш жашар кыздын сөөгү ошол аймактагы суу жээгинен табылды. Бул туурасында Чүй облусунун ИИББинен кабарлашты.

Непогода - Sputnik Кыргызстан
Бала жоголгон учурда эмне кылуу керек. Балдар менен ата-энелерге кеңеш
Буга чейинки маалыматта кызды Бишкек — Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан кафеде 7-март күнү эртең мененки саат 07:00 чамасынан таппай калышкандыгы айтылган. Милиция алгач баланы уурдап кетишти деген версияны айткан. 

Бүгүн, 26-мартта, кыздын сөөгүн жоголгон жерден алыс эмес суунун жээгинен табышкан.

"Кыязы, бала үйүнө кетип бара жатып, сууга түшүп кеткен окшойт", — деп айтылат маалыматта.

Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0