БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү эртең менен Кыргызстандын түштүк аймагында жер титирегенин ӨКМден кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда жер саат 09.25те 3,5 балл болуп силкинген.
"Жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында, Байбиче айылынан түштүк-чыгышты көздөй 10 чакырымды, Жалал-Абад шаарынан 95 чакырымды, Ош шаарынан түндүк-чыгышты карай 110 чакырымды көздөй кеткен жерде жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.
Эл жашаган аймактарда — Байбиче айылында 3,5 балл, Кара-Дөбөдө 3 балл, ал эми Жулгур айылында 2,5 балл байкалган. Алдын ала маалыматтарга караганд, кыйроолор жана жабыркагандар жок.