Бишкекте түндө унаа даракты сүзүп, адам каза болгону айтылууда

© © фото очевидца Азията Ж., отправленное по Whats App-каналуМашина врезалась в дерево в Бишкеке
Машина врезалась в дерево в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы болжол менен түнкү саат 3.00дөрдө Юнусалиев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте болгон жол кырсыгынын айынан адам каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, унаа Юнусалиев (мурдагы Карл Маркс) менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги даракты барып сүзгөн.

"Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта келе жатып даракты сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келип айдоочу каза болгонун билдиришти", — деп кабарлады күбө.

Mercedes менен бензовоздун кагылышы. Жеринен алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Mercedes менен бензовоздун кагылышы. Жеринен алынган кадрлар
Кайгуул милиция башкармалыгы кырсык тууралуу маалыматты бир аздан кийин беришерин айтышты.

Бул эки күн ичиндеги адам өмүрүн алган экинчи жол кырсык. 24-мартта ГЭС-5 суусунун аймагында Mercedes менен бензовоз кагышып, эки адам набыт болгон. 

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0