Ала салган маршрутка: эки кыз ооруканага жаткырылып, бешөө үйлөрүнө жиберилди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан жабыркаган 20 жаштагы жана 21 жаштагы кыздар башынан жаракат алып, Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан жабыркаган жети адамдын экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн Бишкектин Шопоков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги цирктин аймагында маршрутка менен жол тандабас кагышып, маршрутка ала салып кеткен.

Кырсыктан жети адам жабыркаган, алардын бешөө — аял, экөө — эркек.

"Кырсыктан жабыркагандардын арасында жаш бала жок. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматынын үч бригадасы барган. Беш адамга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилди. Ал эми баштарынан жаракат алган 20-21 жаштагы кыздар Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды", — деп жазылат маалыматта.

Министрликтен кабарлашкандай учурда кыздардын абалы туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0