БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты,
Билдирүүгө ылайык, 22-мартта саат 07:50дө Бишкек — Ош унаа жолунун 447-чакырымында Ford Focus унаасы менен BMW сүзүшүп кеткен. Анда эки адам оор жаракат алып, Таш-Көмүр шаарынын ооруканасына жеткирилген.
Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Сай айылында да жол кырсыгы катталган. Анда жеңил авто менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, жеңил унаанын 49 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде көз жумган.