Алматыдан Бишкекке келе жаткан учак орто жолдон кайтып кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакомпания окуя техникалык себептерден улам болгонун айтып, кыскача түшүндүрмө менен чектелди.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Шаршемби күнү Алматы шаарынан Бишкекти көздөй учуп чыккан "Эйр Астана" компаниясына таандык учак техникалык себептерден улам артка кайтууга аргасыз болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги эл ташуучу фирмага таянуу менен билдирген. 

Маалыматка ылайык, учак Алматы шаарына аман-эсен конгон. Жүргүнчүлөр башка лайнер менен учмакчы.

"Учуу жергиликтүү убакыт боюнча 20.30га пландалган. Компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт", — деп жазылат билдирүүдө.

Март айынан бери бул аталган компаниядагы төртүнчү окуя. Буга чейинки үчөө да техникалык себептерден улам болгону айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0