Сүлүктүдөгү шахтадан чыккан газга ууланып бир адам каза болду

© Азамат АйтбаевЛопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан
Лопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар каза болгон кишинин сөөгүн медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Сүлүктүдөгү көмүр шахтада газ чыгып, андан 36 жаштагы жаран ууланып калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Жол" ишканасына тиешелүү болгон шахтада газ чыккан. Куткаруучулар каза болгон кишинин сөөгүн медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, буга чейин 10-январда "Раимберди" шахтасында көмүр урандылары көчүп, көмүр казып жаткан Сүлүктү шаарынын 49 жаштагы тургунун басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0