Өзгөндө чагылгандын кесепетинин 30 кой кырылып калды

© flickr.com / John FowlerПриродные катаклизмы — гроза
Природные катаклизмы — гроза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мал жандыктарынан сырткары мал сарайы жана таңгакталган чөп кошо зыянга учураган.

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Өзгөн районундагы айылдардын бириндеги мал сарайга кечээ кечинде чагылган түшүп, андан чыккан өрттөн 30 кой жана бир уй күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мал жандыктарынан сырткары мал сарайы кошо зыянган учураган.

"18-март күнү саат 21:08 чамасында Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагынын Шагым айылындагы сарайда чагылгандын отунан өрт чыккан. Жыгач устундуу шифер жабылган 130 чарчы метр мал сарайдын чатыры күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары 200 таңгак чөп кошо күйүп, жок болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0