Бишкектеги кафелердин бирине бомба коюлду деп элди дүрбөткөн жигит кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи телефонного терроризма в Кыргызстане
Случаи телефонного терроризма в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган билдирүү берген деген шек менен Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун 20 жаштагы тургуну кармалган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Метро паб" барына бомба коюлду деп элди дүрбөткөн киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, бүгүн түшкү саат 2:10до милицияга белгисиз бирөө телефон чалып "Метро паб" барында жардыруучу зат бар экенин маалымдаган.

"Айтылган дарек боюнча УКМК менен ИИМдин өкүлдөрү чыгып кеткен. Имараттын ичин тинтүү учурунда шектүү эч нерсе табылган эмес", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Жалган билдирүү берген деген шек менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 20 жаштагы тургуну кармалган. Ал бомба тууралуу билдирүүнү тамаша иретинде айтып койгонун билдирди.

Учурда ага кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0