Аламүдүн районунда кампа менен кошо бир киши күйүп кетти

© Sputnik / Сергей Савостьянов / Медиабанкка өтүүПожар на Строгинском строительном рынке "Синтика" в Московской области
Пожар на Строгинском строительном рынке Синтика в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн, 17-марттын таңында болгон.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунда кампа менен кошо бир киши күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга жуук Ленин айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү "Астория" соода комплексинин артында жайгашкан кампада өрт чыккан.

"Тилсиз жоодон диван, китептер, 25 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Өрт болгон жерден 80-85 жаштагы европа улутундагы эркек адамдын күйгөн сөөгү табылды", — деп жазылат маалыматта.

Каза болгон жарандын өздүгү жана өрттүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0